Мазмунга өтүү

Кайтыш болгондор

Википедия — ачык энциклопедия
Кайтыш болгондор
РежиссеруЙодзиро Такита
ПродюсерТосиаки Наказава
ЖазуучуКояма Кундо
ОператоруХамада Такэси
Тартылгандар
МузыкасыДзө Хисаиси
РедакторуКавасима Акимаса
СтудияSedic International
ЖайылтуучуShochiku
Чыккан жылы
  • 23 август 2008 (2008-08-23) (MWFF)
  • 13 сентябрь 2008 (2008-09-13) (Жапония)
Узактыгы130 мүн.
Өлкөсү Жапония
ТилиЖапон
Киреше$70 млн[1]

"Кайтыш болгондор" (жапончо: おくりびと - Okuribito, англ. Departures, орус. Ушедшие) - 2008-жылы Йодзиро Такита тарткан жапон драмасы. Тасмага тартылгандар: Масахиро Мотоки, Рйоко Хиросуэ жана Цутому Ямадзаки. Шинмон Аокинин "Табытчы адам" аттуу мемуарына жарым-жартылай негизделген тасма, виолончелде ойногон жаш жигит карьерасын түптөй албай, туулуп-өскөн шаарчасына кайтып келип, жаназа кызматын өткөрүүчү уюмда сөөк жуугуч болуп иштеп калганын баяндайт. Ал өлүктөр менен иштегени үчүн айланасындагы адамдардын, алтургай аялынын жийиркенүүсүнө туш болот. Акырында ал талыкпастан кылган эмгеги үчүн урмат-сыйга татыйт.

Тасманын идеясы Мотокиге Индияда Ганганы бойлой болуп өткөн жаназа аземинен таасирленип, андан соң "Табытчы адам" аңгемесин окуп чыкканда келген. Ал окуяны тасмага ылайыктаган соң, тасманын соңу 10 жылдан кийин тартылып бүткөн. Жапонияда өлгөн адамдарга тиешелүү жумушчулардан жийиркенүү адаты болгондуктан, тасма таратуучулар тасманы 2008-жылы Монреал дүйнөлүк фильм фестивалынан баш байгесин утуп алган соң гана таратууга киришишкен. Кийинки айда Жапонияда көрсөтүлгөн тасма Оскардын "Эң мыкты тасма" сыйлыгына көрсөтүлүү менен эң көп киреше алып келген тасмага айланган. 2009-жылы Оскардын "Эң мыкты чет тилдеги тасма" сыйлыгын алганда тасманын кирешеси мурункудан да өскөн.

Тартылгандар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • 2008 — көрүүчүлөрдүн жактыруусу Эл аралык Гавай кинофестивалы (Йодзиро Такита)
  • 2008 — Grand Prix des Amériques [[Монреал кинофестивалы (Йодзиро Такита)
  • 2009 — "Оскар" сыйлыгы - "чет тилдеги мыкты тасма" сыйлыгы
  • 2009 — Asian Film Awards сыйлыгы, мыкты актер(Масахиро Мотоки)
  • 2009 — Жапон киноакадемиясынын 10 сыйлыгы: мыкты тасма, мыкты режиссер (Йодзиро Такита), мыкты сценарий (Кундо Кояма), мыкты актер (Масахиро Мотоки), экинчи пландагы мыкты актер (Цутому Ямадзаки), экинчи пландагы мыкты актриса (Кимико Ё), мыкты оператордук иш (Такэси Хамада), мыкты монтаж (Акимаса Кавасима), мыкты жарык берүү (Хитоси Такая), мыкты үн(Сатоси Одзаки, Осаму Онодэра)
  • 2009 — эки «Майнити» сыйлыгы: мыкты тасма, мыкты үн(Сатоси Одзаки)
  • 2009 — «Кинэма Дзүмпо» журналынын сыйлыгы: 2008-ж. мыкты тасмасы
  • 2009 — Палм-Спрингс кинофестивалынын көрүүчүлөрдүн баалоосуу: "Мыкты баяндуу тасма"(Йодзиро Такита)
  • 2009 — "Алтын корооз" сыйлыгы: мыкты тасма, мыкты режиссер жана мыкты актер (Масахиро Мотоки)
  • 2010 — Hong Kong Film Awards сыйлыгы: Азиянын мыкты тасмасы
  1. Box Office Mojo staff