Кайыркүл Сартбаева

Википедия дан

Сартбаева Кайыркүл (1936-ж. т., Чүй облусу, Кемин району, Карабулак айылы) - опера ырчысы (лирикадрамалык сопрано). Кыргыз ССР эл артисти (1974), СССР эл артисти (1980).

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1962-ж. П. И. Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясын бүтүргөн.

1962-жылдан А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында солист.

1986-89-ж. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун ректору.

Негизги партиялары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сартбаева дүйнөлүк классикалык жана улуттук опералардагы негизги партияларды чебер аткарат.

Татьяна, Лиза (П. Чайковский, «Евгений Онегин» «Карганын маткеси») Микоэла (Ж. Бизе, «Кармен») Дездемона (Ж. Верди, «Отелло») Маргарита (Ш. Гуно, «Фауст») Баттерфляй (Ж. Пуччини, «Чио-Чио-сан») Айчүрөк, Калыйман, Каныкей, Зулайка (А. Малдыбаев, В. Власов жана В. Фере, «Айчүрөк», «Манас», «Ажал ордуна») жана башка.

Ошондой эле «Токтогул», «Жамыйла», «Олжобай менен Кишимжан», «Аста, секин колукту», «Алтын кыз», «Аршин мал алан» операларында башкы каармандардын образын түзгөн. Москвадагы Чоң театрда Баттерфляй, Маргарита, Татьянанын партияларын аткарган. Сартбаева кыргыз, орус композиторлорунун ырларын, романстарын чебер аткаруучу катары белгилүү.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1976-ж. Эл аралык «Мадам Баттерфляй» (Токио) конкурсуна катышып, «Дүйнөдөгү ири опера сахналарында ырдай алат» деген медалга арзыган.
Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1975).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]