Кайыңды суусу, Токтогул району
Көрүнүш
Кайыңды суусу
| |
---|---|
Мүнөздөмө | |
Узундугу | 37 км |
бассейндин аянты | 195 км² |
Жайгашкан орду | |
Өлкө | Кыргызстан |
Област | Жалал-Абад облусу |
Район | Токтогул району |
Кайыңды суусу – Токтогул районундагы суу, Нарындын сол куймасы. Көк-Ирим тоосунун түндүк-батыш капталындагы чакан тоо көлүнөн башталат. Узундугу 37 км, алабынын аянты 195 км2. Кууш капчыгай аркылуу агып, нугунда босоголор көп кездешет. Өрөөнү кооз, токойлуу шалбаа ээлейт. Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2800 м. Көк-Ирим тоосунун эң бийик жери (4351 м) К. суусунун алабында. Кайыңдынын 6 куймасы бар. Жылдык орточо чыгымы 2,90 м3/сек. Эң көп чыгымы июнда, эң азы февралда байкалат. Сугатка пайдаланылат. Жогорку жана ортоңку бөлүктөрүндөгү куймаларында илгертен калган арыктар кездешет. Жээгинде Кайыңды кыш. жайгашкан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5