Кактус

Википедия дан
Opuntia chlorotica.

Кактустар (лат. Cactaceae) - эки үлүштүү өсүмдүктөрдүн тукуму. Көп жылдык чөп, бадал, кээде дарак, бийиктиги 2-5 смден 10-12 смге жетет. Сабагы калың, ширелүү, түрдүүформада(тогоок, жалпак, цилиндр жана башка), тикенектүү, ал жалбырак милдетин аткарат. Гүлү жалгыздан, кээде чокусунда топ гүлгө чогулган, көбүнчө чоң ачык түстө. Гүл коргону - чөйчөкчө. Аталыгы көп, мөсөсү - жемиш сымал. Көпчүлүк кактустар кечинде же түнкүсүн гүлдөйт. Курт-кумурскалар, куштар, чанда жарганаттар чаңдаштырат. Кактустардын тамыры ондогон метрге жетип, жердин тереңинен ным алат. 160тай уруусу, 3000дей түрү Американын саванна, тропик жана субтропигинде, көбүнчө тоо, чөлдөрүндө, Мексикада, эпифит кактустар Борбордук жана Түштүк Американын жаанчыл тропик токойлорунда таралган, рипсалис деген түрү тропик Африкада кезигет. Кээ бир түрү Австралия, Индия, Жер ортолук деңиз жээгинде, Крым, Кавказда өстүрүлөт. Айрым кактустардын мөмөсү, жаш бутагы, уругу тамак-аш жана дары-дармек даярдоо үчүн пайдаланылат. Кыргызстанда айрым түрү кооздук үчүн өстүрүлөт.