Какшаал-Тоосунун мөңгүлөрү

Википедия дан

Какшаал-Тоосунун мөңгүлөрү - Кыргызстандагы мөңгүлүү региондордун ирилеринин бири — Какшаал-Тоосунун түндүк капталы. Чыгышында Сары-Жаз капчыгайынан батышка карай Какшаал суусунун капчыгайына чейинки кырка тоонун бөлүгүндө жалпы аянты 907,6 км2 ге жеткен 600дөн ашык мөнгүлөр тараган. Болжол менен 70 км ге созулган Мүдүрүм менен Чоң-Үзөңгү-Кууш сууларынын алабына туура келген Какшаал-Тоонун эң бийик бөлүгүндөгү мөңгүлөрдүн аянты 443 км2, Данков чокусунун (5982 м) тегерегинде туташ жаткан кар, фирн жана муз талааларынан ири өрөөн мөңгүлөрү куралат жана алардын этектери 3800—4000 м бийиктиктеги жайык өрөөндөргө чыгат (Ак-Сай, Ай-Талаа, Отто-Таш жана башка). Бул мөңгүлүү регионду —Ак-Сайдын мөңгүлүү очогу деп аташат.

Үзөңгү-Кууштун капчыгайынан Сары-Жаздын капчыгайына чейинки Какшаал-Тоонун бөлүгүндө жалпы аянты 393,5 км2 ге барабар 400дөн ашык мөңгүлөр таралган. Мөңгүлөрдүн негизги бөлүгү Ак-Шыйрак суусунун оң куймасы Жаңгарттын алабында жайгашкан. Жангарттын алабы айрым мөңгүлөрдүн өлчөмү боюнча да алдыңкы орунда турат.