Кале

Википедия дан
Кале.

КалеФранциянын түндүгүндөгү шаар. Паде-Кале департаментинде. Калкы 72,9 миң (2008; шаар айланасы менен 100 миң). Па-Де-Кале кысыгынын жээгинде, Дувр (Британия) портунун тушунда жайгашкан. Порт (жылына 41,5 млн т жүк ташылат). Тез ылдамдыктагы темир жол аркылуу Париж, Лондон жана Брюссель шаары менен байланышат.

Шаар 8-кылымдан белгилүү. Шаардагы эмгекке жарамдуу калктын 68% и тейлөө чөйрөсүндө эмгектенет. Анын башкы секторлору: транспорт жана логистика. Текстиль, тигүү (анын ичиндетор токуу, аялдардын тигилүү көйнөгү ж. б.), электр-техникалык (анын ичиндесуу астында иштөөчү телекоммуникация жана электр кабелдери), химиялык, тамакаш өнөр-жай ишканалары иштейт. Мэриянын коңгуроолуу имараты же «беффруа» (20-кылымдын башы) Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Кароол мунарасы (13-кылым), Нотр-Дам чиркөөсү (13-15-кылым), 17-кылымдын фортификация курулуштары сакталган. Университет, музейлер бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]