Калифорния Университети (Лос-Анжелес)

Википедия дан

Лос-Анжелестеги Калифорния Университети (англ. University of California, Los Angeles; КУЛА) - мамлекеттик изилдөө университет болуп саналат. Ал Америка Кошмо Штаттарынын Калифорния штатына караштуу Лос-Анжелес шаарындагы Вествуд районунда жайгашкан. 1919-жылы Калифорния Университеттеринин Түштүк бөлүгү болуп негизделген. Калифорния университет системасындагы 10 кампустарынын экинчи эң байыркы окуу жайы болуп эсептелинет. Ал 337 бакалавр жана магистратура даражадагы программаларды сунуш кылат. КУЛА 31,000 бакалавр жана 13,000 магистратура программаларында окуган студенттери бар. 2016-жылы күзүндө 119 000 студент тапшырган, алардын ичинде башка жерден которулуп келүүчүлөр жана Америкалык университтеринен жогорку билим алуучулар да бар.

Университет 6 колледжден, 7 профессионалдык мектептен жана 4 медицинаны окутуу мектептеринен турат. Бакалавр колледждерине Каттар жана илим колледжи; Инженерлер мектеби жана Генри Самуэл прикладдык илимдер мектеби (HSSEAS); Көркөм өнөр жана архитектура мектеби; Херб Альперт музыкалык мектеби; Театр, кино жана телекөрсөтүү мектеби жана медайым мектептери бар.

Он Нобель сыйлыгынын лауреаттары, үч Fields медалын утуучулары, эки АКШдагы аба күчтөрүнүн башкы окумуштуулары жана үч Тьюринг сыйлыгына татыган окумуштуулардын арасында мугалимдер, изилдөөчүлөр, жана бүтүрүүчүлөр бар. Учурдагы окутуучулар арасында 55 Улуттук илимдер академиясынына шайланышкан, 28 Улуттук инженерия академиясынын мүчөсү болуп, 39 Медицина институтунда жана 124 Америкалык академиясынын искусство жана илиминин институтунунда иштешет. Университет 1974-жылы Америкалык ЖОЖдор Ассоциациясынына кирген.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кампустары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жетекчилиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]