Калифорния Университети (Сан-Диего)

Википедия дан

Сан-Диегодогу Калифорния Университети (англ. University of California, San Diego; Сан-Диего КУ же КАСУ деп кыскартылат) -мамлекеттик илимий-изилдөө университети болуп саналат. Ал Калифорния штатындагы Сан-Диегонун Ла-Хойя районунда жайгашкан. Университет 866 гектар жерди ээлейт жана башкы кампусу Тынч океандын жээгинен болжол менен 1,152 акр (466 га) алыс жайгашкан. 1960-жылы Океанография Скриппс институту болуп башында негизделген. Калифорния унивеситетинин 10 кампусунун эң байыркысы жана 200 бакалавр жана магистратура программалары бар. 22, 700 бакалавр жана 6, 300 магистратурада окуган студенттер бар.

Сан-Диего КУда алты бакалавр колледждери (Revelle, Muir, Marshall, Warren, Roosevelt, and Sixth) бар, үч магистратура колледждери (Jacobs School of Engineering, Rady School of Management and School of Global Policy and Strategy), жана эки кесиптик медициналык окуу жайлары (Сан-Диего КУ медицина мектеби, Фармация мектеби жана Скаггс фармациялык илимдер мектеби) бар. Сан-Диего КУ Оканаграфия Скриппс институтунун мекени болот, анткени ал океанды, жерди жана атмосфераны изилдөөгө жана билим берүүгө арналган эң биринчи борборлорунун бири. Сан-Диего УК регион боюнча саламаттык сактоо системасынын медициналык изилдөөлөрдү жүргүзөн жана келечектеги саламаттыкты сактоо адистерин окуткан аймак боюнча жалгыз окуу жайы болуп саналат.

Сан-Диего УК мугалимдер, изилдөөчүлөр, жана бүтүрүүчүлөр арасында 20 Нобель сыйлыгын лауреаттары, 8 Улуттук Илимдер медалын алгандар, 8 Макартур Стипендиянттары, 2 Pulitzer сыйлыгынын ээлери жана үч Филдс медалдары менен сыйлангандар бар. Андан тышкары, азыркы учурда мугалимдердин 29у Улуттук инженерия академиясына, 70 Улуттук илимдер академиясынынына, 45 Медицина институтуна, жана 110 Америкалык илимдер искусствосуна шайланышкан.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кампустары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жетекчилиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]