Калия Карашева

Википедия дан
Калия Карашева
Ишмердүүлүк тармагы:

кол өнөрчү, сүрөтчү

Туулган датасы:

5 -июль 1946(1946-07-05)

Туулган жери:

Орток, Кочкор району, Нарын облусу, Кыргыз ССРи

Жарандыгы:

СССР желеги СССР Кыргызстан

Өлгөн датасы:

13 -сентябрь 2022(2022-09-13) (76 жаш)

Өлгөн жери:

Ош, Кыргызстан

Балдары:

Аалы Карашев

Калия Карашева (1946 - 2022) — Кыргызстандык белгилүү кол өнөрчү жана сүрөтчү, маданияттын мыктысы, «Үч айым» бирикмесинин негиздөөчүсү.

Кыргыз Республикасынын «Эл агартуунун отличниги» төш белгисинин ээси.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калия Карашева 1946-жылдын 5-июлунда Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Орток айылында туулган. Бишкек шаарындагы N°5 А.С.Пушкин атындагы орто мектебинде билим алып, окууну В.В.Маяковский атындагы кыз-келиндер институтунда улантып, аны 1969-жылы аяктаган. Ош облусунда 30 жыл "Орус тили жана адабияты" сабагынан мугалим болуп эмгектенген. Ардактуу эс алууга чыккандан кийин кол өнөрчүлүк менен алектенип, бул тармакта чоң ийгиликтерди жараткан. Ал кыргыз саймачылыгынын байыркы салттарын кылдаттык менен сактап, туш кийиз, тиричилик буюмдары, салттуу жана заманбап кийимдерди, баш кийимдерди тиккен[1].

Көп жылдык изденүүнүн натыйжасында Мургабдан келген кыргыз апалардын жардамы менен атайын чеберчиликти талап кылган терс кайык ыкмасындагы сайманы кайра жаратышкан. Бул сайма акыркы 1980-1990-жылдан бери кайталанган эмес. Өзгөчө кеп такыя аталышындагы баш кийимдин сайма саюу ыкмасын пайдаланып заманбап кыз-келиндердин көйнөктөрүн белине тага турган кур жасаган. Терс кайык ыкмасы менен жасалган кур менен бүткүл дүйнөлүк кароо сынакка катышып, 2012-жылы ЮНЕСКОнун "Сапат" белгисине ээ болгон. 2014-жылы Фергана өрөөнүндөгү аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн алдыга жылдыруу боюнча уюштурулган кароо-сынакка катышып, Нью-Йорк шаарында өткөн "Байхент" көргөзмөсүнө катышууга мүмкүнчүлүк алган. Көргөзмө Кыргызстандын Вашингтон шаарындагы өкүлчүлүгүндө уланып, ыраазычылык кат тапшырылган. 2014-жылдын октябрь айында өткөн Кытай Эл Республикасынын Доньон жана Нонтанг шаарларында өткөн кол өнөрчүлүктүн 50 жылдык маарекесине арналган эл аралык көргөзмөсүнө катышып келген. Жогорудагы айтылган эмгектердин негизинде Орто Азия аралык кол өнөрчүлөр арасындагы "Ментор" сертификатына ээ болгон. 201б-жылы "Тарых жана маданият жылына" карата Ош шаарында өткөрүлгөн этнофестивалда гран-прини утуп алган. Бул фестивалга 20 жылдык изденүүнүн натыйжасында тигилген 12 даана өзгөчө этно стилдеги кыз-келиндердин улуттук кийимдерин көргөзмөгө койгон. Айрыкча, терс кайык ыкмасындагы саймасы сайылган кеп такыя баш кийими, белдемчи чыптама жана кемселге жогору баа берилип, Дүйнөлүк кечмендер оюнунда 1-орунду ээлеген.

Калия Карашева 2022-жылы, 13-сентябрда 76 жаш курагында каза болуп. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты 14-сентябрда Ош шаарында болгон[1].

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2 кыз, 3 уулу бар

Эскермелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]