Калкан

Википедия дан
Калкан.

Калкан – жоокерчиликте найза менен сайышканда, кылыч менен чабышканда, коргонууга керектелүүчү согуш куралы. Калкан алгач ар түркүн (тегерек, сүйрү, чарчы) түрдө жыгачтан же согулган чырпыктан, териден, сөөктөн, кийинчерээк ар түрдүү металлдан жасалып, жоокердин көкүрөгү менен баш жагын гана коргогудай көлөмдө урунууга эптүү, тегерек болгон. Калкандын ички бетинде колго кармап алуучу атайы тагылган боо — бүлдүргөсү бар. Сырт жагы түрдүү түстө тартылган оймо-чийме менен кооздолуп, сүрөт түшүрүлгөн. Жоокер сол колуна калкан кармап, оң колуна кылыч же найза өңдүү куралдарын алып, жоо менен беттешкенде, сол колундагы калкан менен тосуп же аны менен кагып жиберип, душманынан коргонгон. Атма куралдардын чыгышы менен калкан сейрек колдонула баштаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия:4 -том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. ISBN 978-9967-14-104-9