Калыкова Анара Кадыралиевна

Википедия дан

Калыкова Анара Кадыралиевна (15. 9. 1961-ж. туулган, Фрунзе шаары) - эл агартуунун отличниги (2008), жетекчи кызматкер.

Орус тили жана адабияты институтун артыкчылык диплому менен бүтүргөн (1983). Эмгек жолун Суусамыр орто мектебинде мугалим болуп баштаган.

Нарын облусунун Суусамыр билим берүү бөлүмүнүн инспектору (1993), Суусамыр өрөөнүндөгү 1-Май орто мектебинде директор (1994), Жайыл райондук билим берүү бөлүмүнүн Суусамыр өрөөнү боюнча жетектөөчү адис (1996), Суусамыр айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы (1998-2002) болуп иштеген. Учурда Кара-Балта шаарындагы № 5 орто мектебинин директору.

Ардак грамоталары менен сыйланган. Токтогон уруусунан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9