Калып:Жарыялар

Википедия дан

Урматтуу Кыргызстан Уикипедиясынын колдонуучулары, “Мыкты макала” сынагы Чын куран (апрель) айынын сынагын жарыялайт!
Тилекке каршы Жалган куран (март) айында кошулган макалалар талаптарга жооп бербегендигине байланыштуу, сынак өткөрүлгөн жок. Сынактын демөөрчүсү Сорос-Кыргызстан кору. Катышуу үчүн Кыргызстан Уикипедиясынын администраторлору тарабынан даярдалган талаптарды сунуштайбыз:

  • Инсан тууралуу макалалар үчүн:

- Инсан тууралуу макалалар үчүн минималдык талап, мисал ирээтинде бул макала (макаланы караңыз) сыяктуу болуусу зарыл.

  • Жаныбарлар, өсүмдүктөр жана козу-карындар тууралуу макалалар үчүн:

- Жаныбарлар, өсүмдүктөр жана козу-карындар тууралуу макалалар үчүн минималдык талаптарды сактоодо таксондун картасы колдонулуусу зарыл. Карта тууралуу [1] шилтемесинен таанышсаңыздар болот.

  • Мамлекеттер, областар, аймактар, шаарлар жана айылдар тууралуу макалалар үчүн:

- Мамлекеттер, областар, аймактар, шаарлар жана айылдар тууралуу макалалар үчүн минималдык талаптарды сактоодо Отурукташкан жай, мамлекет карталарын колдонуу зарыл. Карта тууралуу [2] шилтемесинен таанышсаңыздар болот. Мисалы, Бишкек (шаар), Каракол, Ысык-Көл областы.

  • Түрдүү терминдер (илимий, тарыхый, майрамдар, кубулуштар ж.б.) тууралуу макалалар үчүн:

- Түрдүү терминдер тууралуу макалалар үчүн максималдык түрдө тактык, кыргыз тилинде так жана жөнөкөй тилде түшүндүрүлгөн, сүрөт, таблица, видое файлдар жана шилтемелер менен толукталган макалалар кабыл алынат. Мисалы,"Чагылган" макаласы

Андыктан үстүбүздөгү айда кошкон макалаңыздардын үстүнөн иштөөңүздөрдү суранабыз!