Калып:Портал:Археология/Тандалган инсан

Википедия дан
Археолог, проф. Ю.С.Худяков Кыргыз-Түрк "Манас" Университетинде дарс окуп жатат. 29.4.2008.

Юлий Сергеевич Худяков - орусиялык таанымал археолог, тарыхчы, кыргыз таануучу, курал-жарак тарыхын иликтөөчү, этнолог. Орусиянын Илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнүн Археология жана этнография институтунун жетектөөчү илимий адиси, Новосибирск мамлекеттик университетинин профессору. Юлий Сергеевич Худяков орто кылымдардагы кыргыздардын археологиясы, курал-жарак тарыхы, Ички Азия, Сибир, Борбордук Азия археологиясы боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин ардактуу профессору. Кыргыз улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги. Тарых илимдеринин доктору. Кыргыз археологу Кубатбек Табалдиев профессор Худяковдун илимий жетекчилиги астында археология адистиги боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган.