Камалов Жылдызбек
Көрүнүш
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жалпы маалымат | |
Аты-жөнү: Камалов Жылдызбек Камалович | |
Туулган жылы: 1961-жылы 30-июль | |
Туулган жери:Ош облусу Алай району, Гүлчө айылы | |
Жарандыгы: Кыргызстан | |
Илимий чөйрөсү: Химия, Химия илимдери | |
Иштеген жери: ОшМУ, Медицина факультети, табигый илимдер дисциплиндер кафедрасынын башчысы. | Илимий даражасы :химия илимдеринин доктору |
Илимий наамы: доктор |
Камалов Жылдызбек Камалович 1961-жылы Ош облусуна караштуу Алай районунун Гүлчө айылында туулган — химия илимдеринин доктору (2004) профессор. 1985-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин физикалык факультетинин "катуу телолордун физикасы" адистигин бүтүргөн. Учурда, б. а. 2002-жылдан тартып Ош Мамлекеттик университетинин медицина факультетинин табигый илимдер дисциплиндер кафедрасынын башчысы, Ош Мамлекеттик университетинин медицина факультетинин окуу методикалык борборунун директору кызматын аркалоодо.
Эмгек тажрыйбасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1985-1987-жылдары Ош Педагогикалык институнун физика-математикалык факультетинин эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасында инженер
- 1987–1988-жылдары Ош Педагогикалык институнда комсомол комитетинин секретары
- 1988–1989-жылдары Ош Педагогикалык институнун биологиялык факультетинин биологиялык химия кафедрасында стажер
- 1989–1993-жылдары МХТИ им. Д.И.Менделеева биологиялык химия кафедрасында аспирант
- 1993–1994-жылдары Ош Мамлекеттик университетинин физика-математикалык факультетинин жалпы физика кафедрасында ага окутуучу
- 1995–1998-жылдары Ош Мамлекеттик университетинин медицина факультетинин химия-биологиялык дисциплиндер кафедрасынын доценти
- 1998–1999-жылдары Ош Мамлекеттик университетинин медицина факультетинин органикалык химия жана химиялык технологиялар кафедрасынын доценти
- 1999–2001-жылдары Кыргыз Мамлекеттик университетинин ЮЦ жана ППК директору
- Ош Мамлекеттик университетинин медицина факультетинин окуу методикалык борборунун директору
- 2002-жылдан тартып азыркы учурга чейин Ош Мамлекеттик университетинин медицина факультетинин табигый илимдер дисциплиндер кафедрасынын башчысы кызматында эмгектенүүдө. Жалпы эмгек тажрыйбасы 24 жыл.
Диссертациялары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]54төн ашык илимий эмгектин автору, анын ичинен 2 монографиясы, 7 окуу-методикалык пособие жарык көргөн жана 3 патенти бар.
- Химия илимдеринин кандидаты: физикалык химия боюнча адис. Эмгеги: "Спектрохимия комплексных соединений цинка и ртути с семи и тиокарбазидом" (1993).
- Химия илимдеринин доктору: органикалык эмес химия боюнча адис. Эмгеги: "Электронное строение и колебательные спектры метало(тио)семикарбазидных комплексов" (2004).
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9