Мазмунга өтүү

Ош мамлекеттик университети

Википедия дан
ОшМУ‎»‎ барагынан багытталды)
Ош мамлекеттик университети
(ОшМУ)
Эл аралык аталышы

орус. Ошский государственный университет,
өзб. Osh davlat universiteti

Мурунку аталыштары

Ош мугалимдер институту (1939-1951)

Ош педагогикалык институту (1951-1992)

Негизделген жылы

1939-жыл

Түрү

Мамлекеттик

Ректору

Кудайберди Кожобеков Гапаралиевич

Студенттери

49 819

Чет-өлкөлүк студенттери

13 521

Специалитети

17

Жайгашкан жери

Ош

Юридикалык дареги

Ош  Кыргызстан Ленин көчөсү, 331 Почта индекси 723500

Сайты

https://www.oshsu.kg

Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) — Кыргызстандагы жогорку окуу жайы. Университет алгач 1939-жылы Кыргыз ССРи тарабынан мугалимдерди даярдоо институту катары негизделген жана 1951-жылы комплекстүү педагогикалык институт болуп түзүлгөн. Институт 1992-жылы Советтер Союзу тарагандан кийин толук университет статусуна ээ болгон.

Бүгүнкү күндө ОшМУ Кыргызстандын алдыңкы университеттеринин бири. ОшМУ борбор шаар Бишкектен тышкары жайгашкан жогорку билим берүүнүн маанилүү борборлорунун бири болуп саналат. Университетте 50 000дей студент окуйт, алардын 13 000 ашыгы чет өлкөлөрдөн келген студенттер[1]. Окутуу кыргыз, орус жана англис тилдеринде жүргүзүлөт[2].

ОшМУнун тарыхы 1939-жылы Ош шаарында педагогигалык адистерди даярдоо институтунун негизделиши менен башталган. Институт Кыргызстандын түштүгүндөгү мектептерде мугалимдердин жетишсиздигин жоюу максатында түзүлгөн. Институт Кыргыз ССРинин Эл Комиссарлар Кеңешинин чечими менен негизделген. Институтта окуу мөөнөтү 2 жылды түзгөн. Педагогикалык окуу жайларын бүткөн бүтүрүүчүлөр институтта тарых-филология, физика-математика, табигый илимдер жана география факультеттеринде билим алышкан.

1951-жылдын 24-майында СССРдин Министрлер Советини № 1759 токтомун кабыл алган, андан кийин 1951-жылдын 26-июнь айында Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин №511-193/1 токтомуна ылайык мугалимдер институтун Ош мамлекеттик педагогигалык институту жана республиканын түштүгүндөгү биринчи жогорку окуу жайы болуп түзүлгөн. 1955-1956-окуу жылында факультеттердин биринчи бүтүрүүчөлөрү филология, физика жана математика, химия, биология жана чет тилдер адистигин мугалими дипломдоруна ээ болушкан.

1992-жылдын 17-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен Ош мамлекеттик педагогикалык институту - Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) болуп өзгөртүлгөн. Анын ректору болуп Бакыт Жолчубекович Бешимов дайындалган. Жаңы факультеттер ачыла баштайт, 1992-жылы тарых-юридика, кыргыз жана өзбек филологиясы, 1993-жылы теология, 1996-жылы менеджмент жана бизнес жана 1997-жылы сырткы юридикалык факультети киргизилген[3].

2022-жылдын 18-июлунда Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы ылайык ОшМУга өзгөчө макам берилди[4].

ОшМУнун түзүмү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Университетте 17 факультет, 132 кафедра, 2 билим берүү институт, 1 Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектеп, 6 орто кесиптик билим берүүчү колледж, 2 академия, 2 окуу борбор, 6 мектеп-гимназия жана 30 ресурстук борборлор, «Үмүт» телестудиясы[5], «Нур» гезити[6], «Үмүт» фольклордук[7] тобу иштейт.

ОшМУда 30 окуу корпус, 11 студенттик жатакана, 2 медициналык клиника, 18 спорт комплекс, Ысык-Көлдө жайгашкан “Үмүт” пансионаты жана Ошто жайгашкан “Ак-Буура” эс алуу жайлары бар[8].

Учурда илимий-изилдөө иштерин жана окуу-тарбиялоо процессин 2469 окутуучу жүргүзөт, анын ичинде 108 илимдин доктору, профессорлор, 475 илимдин кандидаты, доценттер, 4 докторлор, Кыргыз Республикасынын УИАнын 1 академиги жана 3 корреспондент-мүчөсү, илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын 3 лауреаты, Кыргыз Республикасынын 2 эл артисти, 5 академик жана инженердик академиянын 6 корреспондент - мүчөсү, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө 8 эмгек сиңирген кызматкер, Кыргыз Республикасынын 4 эмгек сиңирген дарыгери, Кыргыз Республикасынын илимине 4 эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына 1 эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын маданиятына 1 эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын 1 эмгек сиңирген машыктыруучусу жана тажрыйбалуу окутуучулар эмгектенет[9].

Факультеттери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз филологиясы жана журналистика факультети

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин кыскача тарыхы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин тарыхы 1951-жылы Ош педагогикалык институтунун базасында ачылган кыргыз тили, адабияты адистигинин күндүзгү бөлүмүнөн башталат. 1992-жылдын 2-июлдагы  № 224/4 буйругу менен күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрүнөн турган кыргыз филологиясы  факультети уюшулган. 2010-жылы ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин (31.08.10.) чечими менен курамына журналистика бөлүмү кошулуп, кыргыз филологиясы жана журналистика факультети деп өзгөртүлүп түзүлгөн.

2014-жылы эки баскычтуу билим берүү алкагында магистратура бөлүмү ачылган.

Факультет университеттин структурасындагы бир бөлүк катары ишмердүүлүгүн ОшМУнун Уставына ылайык жүргүзөт. Өзүнүн окуу корпусу, мөөрү жана башка реквизиттери бар.

Кыргыз филологиясы жана журналистика факультети ОшМУнун миссиясына ылайык иш алып барат.

Факультеттин жетишкендиктери:

Факультет ОшМУнун көптөгөн жылдар бою топтогон мыкты салттарын карманат. Кесиптик чеберчилиги мыкты окутуучулук-профессордук курамга ээ (диссертациялык кеӊештердин мүчөлөрү, билим берүү программалары боюнча эл аралык, улуттук тренерлер, аккредитациялык агенттиктердин эксперттери бар).

Кыргызстандын түштүк регионундагы журналистика боюнча адистерди даярдоочу жалгыз окуу жайы болуп саналат.

Факультетте төмөнкүдөй билим билим берүү программалары бар:

·  550300 – филологиялык билим берүү (бакалавр)

·  550300 – филологиялык билим берүү (магистратура)

·  531000 – филология (магистратура)

·  530600 – журналистика (бакалавр)

Физика-техника факультети

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Физика адистиги боюнча мугалимдерди даярдоо 1939-жылдан тартып Ош мугалимдер институту ачылгандан бери жүргүзүлүп келе жатат. Физика-математика факультети 1951-жылы түзүлгөн. “Физика” жана “Математика” кафедралары ачылган. 1965-жылы “Физика” кафедрасы “Жалпы физика” жана “Эксперименталдык жана теориялык физика” кафедраларына бөлүнгөн. 1985-жылы физика-математика факультети экиге бөлүнүп, физика факультети түзүлгөн жана 1987-жылы кайрадан бириккен. Физика факультетинин деканы болуп ф.-м.и.к., доцент Ш. Исмаилов иштеген.  

2003-жылы Энергоресурстар жана коммуникациялык технологиялар институту инженердик, атайын техникалык дисциплиналар, фундаменталдык жана жалпы илимдер кафедралары менен жаңыдан түзүлгөн. Институттун директору болуп ф.-м.и.к., доцент Ы.Ташполотов дайындалган.

2006-жылдын 2-июнундагы ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин чечими менен Физика, математика жана информатика факультети, Компьютердик технологиялар факультети жана Энергоресурстар жана коммуникациялык технологиялар институту жоюлуп, 10 адистиктикти тейлөөчү, адистешкен 6 кафедра курамына кирген физика-техника факультети түзүлгөн жана факультеттин деканы болуп ф.-м.и.д., проф. Ы.Ташполотов 2007-жылдын сентябрына чейин иштеген. Ал эми 2007–жылдын сентябрынан 2010-жылдын 15-октябрына чейин физика-техника факультетинин деканы болуп т.и.д., профессор Кенжаев И.Г., 2010-жылдын 15-октябрынан 2011-жылдын 1-октябрына чейин факультеттин деканынын милдетин аткаруучу болуп ф.-м.и.д., профессор Ы.Ташполотов дайындалган, ал эми 2011-жылдын 1-октябрынан 2016-жылдын 1-октябрына чейин Физика-техника факультетинин деканы болуп факультеттин профессордук-окутуучулук курамы көпчүлүк добуш менен шайлаган ф.-м.и.к., доцент Өскөнбаев М.Ч. иштеди. 2016-жылдын 11-октябрь күнү факультеттин профессордук-окутуучулук курамы бир добуштан т.и.к., доцент Айдарбеков Зарипбек Шариповичти Физика-техника факультетинин деканы кызматына шайлап алышты жана ал азыркы мезгилде факультетти жетектеп келе жатат.

Адистиктин аталышы Даражасы Окуу формасы Окуу мөөнөтү
1 Физика-математикалык билим берүү:

Физика профили

Бакалавриат Күндүзгү

Дистанттык

4 жыл

5 жыл

Магистр Күндүзгү 2 жыл
2 Физика Магистр Күндүзгү 2 жыл
3 Электроэнергетика жана электротехника:

Электр менен камсыздоо профили

Бакалавриат Күндүзгү

Дистанттык

4 жыл

5 жыл

Магистр Күндүзгү 2 жыл
4 Агроинженерия Бакалавриат Күндүзгү

Дистанттык

4 жыл

5 жыл

5 Программалык инженерия:

Роботтук техникалык системалар жана электромобилдик түзүлүштөр үчүн программаларды иштеп чыгуу

Бакалавриат Күндүзгү 4 жыл
  • Эксперименталдык жана теориялык физика
  • Жалпы физика жана ФОУ
  • Энергетика

Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультети

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

70 жылдан ашуун тарыхы бар дүйнөлүк тилдер жана маданият факультети 1951-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун тарых жана филология факультетинин курамында ачылган. Ал эми 1957-жылы чет тилдер факультети болуп өз алдынча бөлүнүп чыккан. Факультет учурда дүйнөлүк тилдер жана маданият факультети деп аталат.

Окутуучулук курам
[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азыркы мезгилде окуу-тарбиялык процесс 173 штаттык профессордук-окутуучулук курам тарабынан ишке ашырылууда, алардын ичинде 24 илимдин кандидаты,1 профессор, 44 улук окутуучу, 91 окутуучу эмгектенишет. Учурда программа боюнча "Филологиялык билим берүү", "Лингвистика", "Филология" билим берүү процесси жүргүзүлүүдө. 2021-жылдын декабрь айынан бери факультетти филология илимдеринин кандидаты, доцент Сагындыкова Рахат Жумабаевна жетектеп келет.

Искусство факультети

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1959-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун базасында музыкалык-педагогикалык факультети ачылган. Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин 1993-жылдын 6-августундагы №335/1 жана ректордун 1993- жылдын 2-сентябрындагы №83 буйругуна ылайык педагогика факультетинин сүрөт, чийүү жана эмгек кафедрасынын биригүүсү менен искусство факультети уюштурулган. Жаңыдан ачылган бөлүмдө студент жаштарды музыкалык сабаттуулукка үйрөтүүдө окутуучулар К. Карабаев, А. Асанов, Б. Абакировалар чон эмгек кылышкан, кийинчерээк В. Гребенников, В. Кириллов, К. Гумбина, К. Тойчиев, А. Ленгарт сыяктуу жогорку квалификациялуу педагог-музыканттар эмгектенишкен. Факультет ачылгандан баштап Д. Лондон, Б. Апышов, С. Нурова, С. Дуйшеналиев, Т. Сарыков, А. Топчуев, Н. Жутанова, А. Калыков, М. Абдугулов, Б. Мамбеталиев, И. Жунусов, Б. Иметов, А. Аттокуров, Т. Акматова, Р. Филиппова, К. Курбанбаев факультеттин декандары болуп иштешкен. Азыр факультетти доцент Ж. Т. Мойдунов жетектөөдө.

Искусство факультетинде төмөндөгү багыттар (адистиктер) боюнча жогорку билимдүү кадрларды даярдайт.
1 Көркөм билим берүү
  • Музыкалык искусство
  • Көркөм өнөр искусствосу
  • Дизайн чөйрөсү
Күндүзгү 4 жыл
2 Музыкалык эстрада өнөрү Күндүзгү 5 жыл
3 Дизайн багыты
  • Кийим дизайны
  • Интерьер дизайны
Күндүзгү бакалавр 4 жыл
4 Костюм жана текстиль искусствосу Күндүзгү 4 жыл


Математика жана информациялык технологиялар факультети

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ош мамлекеттик университети эң алгач 1939-жылы Ош мугалимдер институту болуп түзүлгөн жана 1951-жылы СССР Министрлер Советинин токтому менен Ош педагогикалык институту болуп кайра түзүлүп, факультетибиз физика-математика факультети деп аталган. Физика-математика факультетинин биринчи деканы ф.-м.и.к., доцент Половиков Федор Иосифович болуп, ал факультетти 1951-1953-жылдары жетектеген. Факультетте 1951-1955-жылдары математика бөлүмүндө 23, ал эми физика бөлүмүндө 18 студент биринчи бүтүрүүчү болуп жогорку билимдүү математика жана физика мугалимдери квалификацияларына ээ болушкан.

1953-1956-жылдары физика-математика факультетин ф.-м.и.к., доцент Шамгунов Кизим Давлетович жетектеген жана ал математика кафедрасынын башчысы да болгон. 1956-жылы физика-математика факультетине 100 студент кабыл алынган, ал эми факультетте 64 (математика бөлүмүн 41, физика бөлүмүн 23) студент окууну бүтүргөн.

  1. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 17 -декабрь (бештин айы) 2023. Түп булактан архивделген күнү 5 -март (жалган куран) 2024.
  2. ОшМУнун Эл аралык медицина факультетинин сайты
  3. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 17 -декабрь (бештин айы) 2023. Түп булактан архивделген күнү 17 -декабрь (бештин айы) 2023.
  4. https://www.oshsu.kg/kg/news/1886
  5. https://www.oshsu.kg/kg/page/113
  6. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 17 -декабрь (бештин айы) 2023. Түп булактан архивделген күнү 17 -декабрь (бештин айы) 2023.
  7. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 17 -декабрь (бештин айы) 2023. Түп булактан архивделген күнү 17 -декабрь (бештин айы) 2023.
  8. https://www.oshsu.kg/kg/page/258
  9. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 17 -декабрь (бештин айы) 2023. Түп булактан архивделген күнү 5 -март (жалган куран) 2024.