Камерун жанар тоо

Википедия дан
Камерун жанар тоо (кратерлер).

Камерун жанар тоо (порт. Piodes camarones — «креветкалуу дарыя» деген мааниде) — Батыш Африкадагы жанар тоо массиви, Гвинея булуңунун жээгинде. Камерун мамлекетинин аймагында. Капталдары жантайыңкы, көптөгөн каптал конустары (100дөн ашык) жана кратерлери бар домпок (бийиктиги 4100 м), трахибазальттуу стратожанартоо. Эң бийик жери 4070 м (аракеттеги Фако жанар тоо конусу; акыркы жолу 2000-жылы атылган). Батыш жана түштүк-батыш капталдары Африканын эң жаанчыл жери, Дебунжада жылына 9655 мм чамасында жаан-чачын жаайт. Капталдарын нымдуу тропик токою, дайыма жашыл тоо токою жана шалбаасы ээлейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:Volcano-stub Калып:Mountain-stub Калып:Geo-stub Калып:Africa-geo-stub