Кандагай

Википедия дан

Кандагайжоокерчиликте, балбан күрөштө, эр сайышта, оодарышта кийилүүчү кайыш шым. Кандагай тоо текенин, серкенин же жаш бодонун терисинен малмага салынып, ийленип, ышкын түпкө, чүкүрүгө, эңгилчекке же кабыкка боёлуп жасалган. Кандагай абдан кенен, согончокко жете узун, кашатынын карышча жери эки кат шырылып, тигиштерине башка түстөгү жаргактан милте коюлуп, кош тарамышталып тигилген. Кашатындагы көңдөйгө жоон кайыш ычкыр өткөрүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Кыргыз тарыхы" Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, Бишкек-2003. Башкы редактор: Ү. А. Асанов, жооптуу редактор: А. А. Асанканов