Канжар кол
Канжар кол — жоокерлердин куралсыз мушташа билген тобу. "Манас" эпосундагы кытай аскерлеринин бул түрү жаш кезинен атайын машыктырылат, машыгуусун адегенде эң жөнөкөй дене тарбия (гимнастика) жасоодон баштап, бара-бара дем алуунун ар кандай ыкмаларынын жардамы менен бүт ой-дилин, энергиясын, күчүн жана бардык салмагын денесинин белгилүү бир бөлүгүнө (бут, кол, чыканак, тизе, чеке, жамбаш, ич, манжалардын учу жана башкалар) топтой алууга үйрөнүшөт; ылайды, дубалга кадалган кийизди, тактайды ургулап-тепкилөө жана туура дем алуу, ой-дил мүмкүнчүлүгүнүн ачылбай жаткан ички жигерин пайдаланууга багыттап машыгуунун натыйжасында жоокердин буту-кол, чыканак, тизе, чеке, ич, манжалардын учтары жана дененин башка бөлүктөрү уруш маалында таштай катуу же өзгөчө ийкемдүү абалга келет. Абдан машыгып, дасыккан жоокерди сайган найза, чапкан кылыч сынып калган учурлар болот. Мындай жоокерлер арстан, жолборстун акырегин оңой эле сындыра тээп, буура, бука, айгырдын курсагын колунун учу менен жыра сая алышкан. Эпостун "Манас" бөлүгүндө К. к-дор калмак, кытайлардын баскынчы жортуулдарына катышкан аскерлердин (жоокерлердин) тобу сүрөттөлөт: "Темир аркан торчону Каптап уруш салды эми. Тегиз канжар колчону Тегиз кирип урушту" (Саякбай Каралаев, 1.89).
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN 5-89750-013-4