Канури тили
Расмий аталышы: |
Канури |
---|---|
Өлкөлөр: | |
Колдонгондордун жалпы саны: |
4 млн |
Классификациясы | |
Түрмөгү: |
Африка тилдери |
| |
Жазылышы: |
латын алфавити |
Тилдер коду | |
ГОСТ 7.75–97: |
кау 267 |
ISO 639-1: |
[[1]] |
ISO 639-2: |
[[2]] |
ISO 639-3: |
[[3]] |
Канури эли сүйлөгөн диалект континууму. Канури мурда бир тил катары каралса, азыр бири-бирин салыштырмалуу түшүнө алган тилдердин тобу катары каралууда.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Канури тили Канембу жана Борну империяларынын тили болгон деп эсептелет. Ал лингва франка катары колдонулган. Европалык колонизаторлордун келиши менен тил өз позициясын жогото баштады.
Колдонуу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Нигериянын Борно штатында канури тили мектепте билим берүү системасында, жергиликтүү администрациянын ишмердүүлүгүндө колдонулат, радио жана телеберүүлөр жүргүзүлөт, мезгилдүү басылмалар чыгарылат.
Диалектери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Канури төмөнкү диалектилерге бөлүнөт, бирок айрым лингвисттер аларды өзүнчө тил катары карашат:
- Борбордук канури
- Манга-канури
- Тумари-канури
- Билма-канури
- Канембу (өзүнчө тил катары каралат)
Грамматикасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кадимки сөз тартиби — SOV. Типологиялык жактан тилде постпозитивдүү да, препозитивдүү да аныктамалар кеңири таралган. Тилде үч тон айырмаланат: бийик, төмөн, ылдый. Номиналдуу аффикстердин бай системасы бар, курама аталыштар кеңири таралган. Тилде үнсүздөрдүн ассимиляциясы өтө өнүккөн, мисалы: sa - «алар»+ - buna' «жешти»>za-wuna «алар жешти».
Жазуу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]16-кылымдан баштап араб алфавитинин африкалык версиясы («аджами») негизинен диний же соттук максаттар үчүн колдонулган.
Латын алфавитинин негизинде жазуу акыркы мезгилдерден бери колдонула баштады.
Канури үчүн латын алфавити: А a, В b, С c, D d, E e, Ǝ ǝ, F f, G g, H h, I i, J j, K k, L l, M m, N n, Ny ny, O o, P p, R r, Ɍ ɍ, S s, Sh sh, T t, U u, W w, Y y, Z z.