Канымжан

Википедия дан

Канымжан"Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери, Айчүрөктүн нөкөрү. Үргөнчтүн боюнда Семетейдин келерин күтүп жатышканда Акылай көргөн кереметтүү түштү К. жоруп, Семетейдин келе тургандыгын айтат (Саякбай Каралаев,"Семетей", 2. 47—48).


2. Канымжан — "Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери, Меңдибайдын энеси. Жакып мал четинде жүрүп, баласы жогуна кайгырып, айлына келгенде минген аты Туучунакты байлабай бош коё берип, үйүнө кирип кетет. Бош калган ат талаага качып жөнөгөндө Меңдибай кармап келмек болуп артынан кууп барып, токойдон Манас баш болгон кырк чоронун руханине жолугуп, алар менен ойноп кечиккенде К. баламды таап бер деп Жакыпка доо коёт. Чыйырдыны төрөтүүгө катышып, Канышбек экөө үйүнө келаткан Жакыпты утурлап чыгып, сүйүнчүлөшөт (Сагымбай Орозбаков, 1. 51, 56, 77, 88).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4