Кан(тарых)

Википедия дан

КанКокон хандыгынын чебинин калдыгы. Баткен районундагы Дара капчыгайында, Кан айылынын этек жагында, Сох суусунун оң жээгиндеги бийик тектирчеде жайгашкан. Жергиликтүү калкка Кудаяр хандын чеби катары белгилүү. 19-кылымдын орто ченинде курулуп, дубалдары паксадан тургузулган. Кокон хандыгынын мезгилинде бажыкана жана айланасындагы көчмөн калктан зекет чогултуучу жер катары кызмат кылган. Анда Кокон хандыгына каршы көтөрүлүштөрдү басуу үчүн гарнизон турган. Сакталып калган дубалынын бийикт. 2—2,7 м (алгачкы бийиктиги 3,2 м), дубалынын жазылыгы түбү 0,8 м, үстү 0,3 м. Дубалдарында (0,7 жана 1 м бийикте) 2 катар чакмак тартибинде жайгашкан ок атуучу тешиктери болгон. Чептин түштүк бөлүгү чарбалык иштер үчүн курулса керек, түн. бөлүгүнүн бурчтарында жана ортосунда мунаралар тургузулган мунаралар чептин түш. бөлүгүнөн түн. бөлүгүнө киши өткөрбөй тосуп турган. Чептин ортосунда дубалга жанаша салынган таш пайдубал сакталган. Түн.-батыш бөлүгүндө төрт бурчтуу 3 курулуштун калдыктары бар. Чептин ичинде дубалга жабыштырыла салынган үйлөр болгон. Орто кылымга жана Кокон мезгилине мүнөздүү карапа сыныктары табылган. Чепти археологдор М. Э. Воронец, Т. Г. Оболдуева, Ю. Д. Баруздин, Ю. А. Заднепровский ж-а Д. Ф. Винник изилдеген.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия:4-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. ISBN 978-9967-14-104-9