Кан жана сөөктөр

Википедия дан

"Кан жана сөөктөр" (англ. Blood and Bones, орус. Кровь и кости) (血 と 骨? Chi to Hone) Йоичи Сай тарткан жана Такеши Китано тартылган жопон тасмасы. Ал кореялык жазуучу Ян Согиру (Яң Сук-Ил) жазган "Chi to Hone" аттуу бир нече биографиялуу романына негизделип тартылган.

Тасма 2004-жылы, 6-ноябрда алгачкы жолу Жапонияда көрсөтүлгөн. Ошондой эле 2005-жылы, 6- апрелде Жапонияда жана 2005-жылы, 16-майда Түштүк Кореяда DVD дисктерде жарык көргөн. Австралиядагы таратуу иштерин "Madman Entertainment" аткарып, Түндүк Америкадагы таратуу иштерин "Tartan Video" аткармак. Бирок компаниянын жабылгандыгы үчүн бул план ишке ашпай, "Kino Entertainment" жайылтуу ишин колго алган. Тасма 2008-жылы, 11-ноябрда Кошмо Штаттарда DVD дисктерде жайылтылган.

Тасманын саундтректерин Таро Иваширо жазып, кийинчерээк алар iTune'да чыккан.

Ал 12- "Жапония Киносыйлыктары Аземинде" наамга көрсөтүлүп, "Эң мыкты актриса", "Эң мыкты режиссёр", "Экинчи пландагы эң мыкты актёр" жана "Эң мыкты сценарий" наамдарын жеңип алган. Тасма 78-"Оскар" сыйлыктарын тапшыруу аземине Жапониянын атынан "Чет тилдеги эң мыкты тасма" наамына расмий түрдө жөнөтүлүп, бирок наамга көрсөтүлгөн эмес.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]