Кан кууп өч алуу

Википедия дан

Кан кууп өч алуу - алгачкы жамааттык (общиналык) коомдо, өзгөчө анын соңку мезгилдеги стадияларында коллективдин өз ара коргонуу формасы катары кеңири таралган. Тууган-туушкандарың өлтүргөндүгү, денесине залал келтиргендиги үчүн кан кууп өч алынган. Ал жөнөкөй эле парзды аткаруу эмес, сөзсүз аткарылуучу ыйык милдет болгон. Бул байыркы кыргыз коомунда да кенен калыптанып, өнүккөн салт болгондугун илимий иликтөөлөрдөн (В.Я.Бутанаев жана башка) билүүгө болот. Бул салт башка элдерде да (чечендер, ингуштар, сикхилер, пенжабдыктар, пуштундар, Дагестандын элдери жана башка) кенен таралган.
Корсика жана Сардиния аралдардын жергиликтүү калктын арасында вендетта деген өч алуу адаты 20 кылымдын башына чейин сакталып келген.
Мисалы, австралиялыктарда (аборигендер) өч алуудан баш тарткан кишинин аялын күч менен тартып алышкан, андай кишилерди уруудан айдап жиберишкен, мурастан ажыратышкан жана башкалар. Уруулук түзүлүштүн бузулушу менен өч алуучулар менен жоокерлердин чөйрөсү улам кыскарып турган. Өч алууда келтирилген зыяндын өлчөмү, жабыр тарткан адамдын жаш-курагы, зыян тарткан кишинин коомдук ээлеген абалы да эске алынган. Мыйзамдын пайда болушу (кыргыздарда - адат) менен кан кууп өч алуу кун менен алмаштырылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]