Капар Медетбеков

Википедия дан

Капар Медетбеков (1931-ж. т., Кара-Буура (Киров) району, Шекер айлы) — актёр, СССР эл артисти (1991-ж.; Кыргыз Республикасынын эл артисти, 1973).
1955-ж. А. Н. Островский атындагы Ташкен театр өнөрү институтун бүтүргөн. Окуу жайын бүтүргөндөн кийин Жалал-Абаддагы Т. Сатылганов атындагы драма театрда, 1962-жылдан Нарын облустук музыкалык драма театрда, 1993-жылдан Бишкек шаарындагы Жаштар театрында иштейт.
Аткарган ролдору: Курманбек, Чокмор, Кайыбек (К. Жантөшев, «Курманбек», «Чокмор», «Каныбек»), Вожак (В. Вишневский, «Оптимисттик трагедия»), Отелло, Макбет (У. Шекспир, «Отелло», «Макбет»), Ильяс (Ч. Айтматов, «Кызыл жоолук жалжалым»), Таабалды Пудовкин (Ж. Садыков, «Таабалды Пудовкин»), Порфирий Петрович (Ф. М. Достоевский, «Өлүм жана жаза»), Эзоп (Г. Фигейредо «Эзоп»), Жаныбек-«Бек» (А. Жакшылыков, «Көкөй кести»), Карач хан (Н. Жүндүбаева, «Сайкал кыздын арманы»), Бостон (Ч. Айтматов, «Кыямат») жана башка.
Медетбеков улуттук, орус дүйнөлүк драматургдардын спектаклдеринде ойноп, образдардын кулк-мүнөзүн терең ачып бере алган актёр.
Режиссер катары «Эгиз бала» (К. Эшмамбетов), «Too балдары» (Э. Токтогулов) жана башка койгон. «Айсулуунун талаасы», «Биринчи», «Ташка баткан элестер» кинофильмдеринде тартылган. М. Рыскулов атындагы сыйлыктын лауреаты (1989). Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.