Каптаж

Википедия дан

Каптаж (латынча captage – кармайм, тосом) – жер астындагы суу, нефть жана газды жер бетине чыгаруу, пайдалануу үчүн жүргүзүлгөн инж.-техникалык иш-чаралар комплекси. Каптаж курулмаларынын эң байыркы түрлөрүнүн бири – кяриз (кыртыш суусун жер бетине чыгарат) Түштүк Чыгыш Азияда (анын ичинде Борбордук Азияда) көп колдонулган. Азыркы Каптаж курулушу жердин гидрогеол. шартына, суунун курамына жана запасына карата ар кандай типте жана конструкцияда курулат. Каптаждын эң жөнөкөй түрү жер астынан суу чыгаруучу шахталык кудук. Кудук бекем болсун үчүн капталдарына таш, кыш тизилет. Каптаждын эң көп колдонулган түрү жалгыздан жана топтоштурулуп бургуланган көзөнөк болуп эсептелет. Мындай Каптаждар 2 км тереңдиктеги сууларды жер бетине чыгарат. Пайдалануу ыгына жараша фонтандык, компрессордуу, насостуу, бургуланган көзөнөктүү Каптажга айырмаланат. Көбүнчө сугат ишинде жана мал сугарууда пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]