Капчыгай палеолит өнөрканасы

Википедия дан

Капчыгай пaлеолит өнөрканасы – төмөнкү палеолит дооруна таандык таш куралдар эстелиги (устаканасы). Кадамжай районундагы, Марказ айылынан 20 км түштүк тарапта жайгашкан. Арпалык тоосунун капчыгайында таш курал жасоочу оттук таш тегинин катмары табылып, мустье доорунда ушул жерден таш куралдарын жасашкан. Археолог П. Т. Конопля тарабынан ачылган. Кийин А. П. Окладников тарабынан изилденген. 2001-жылдан А.П.Деревянко жана А.Н.Зенин жетектеген россия-кыргызстандык палеолиттик топ тарабынан изилденип жатат.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.