Каравшин

Википедия дан

Каравшин, Керавшин (согд, ягноб тилдеринде гар – тоо; аб/ав – суу; шин – молдуулукту билдирген мүчө; тоо суусу маанисинде) – Баткен районундагы суу, Исфара суусунун сол куймасы. Узундугу 46 км, алабынын аянты 895 км2, деңиз деңгээлинен Орточо бийиктиги 3600 м. Түркстан кырка тоосунун Түндүк капталындагы мөңгүдөн башталып, токойлуу капчыгай аркылуу агат. Киндик суусу (оң куймасы) кошулгандан кийин өрөөнү жайылып, жай агат. Ири куймалары: Киндик (оң), Ортоашма (сол). Негизинен кар, мөңгү жана булак сууларынан куралат. Жылдык Орточо чыгымы 5–7 м3/сек, эң көбү июнь–июлда, эң азы февраль–мартта байкалат. Сугатка пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]