Карагайлы-Тоо

Википедия дан

Карагайлы -Тоо – Талас Ала-Тоонун түндүк тармагы. Каракайың жана Бешташ сууларынын аралыгында түндүк-батыштан түштүк-чыгышка 24 кмдей созулуп жатат. Туурасы – 7км. Орточо бийиктиги 3300–3700м, эң бийик жери 3839м. Кыры аска-зоокалуу, капталдары тик, капчыгай, кокту-колоттуу. Негизинен соңку рифейдин биотиттүү гранит, гранитдиорит интрузиия тектеринен турат. Талаа (1700–1800 м бийиктикке чейин), көк карагайлуу токой, шалбаалуу-талаа (1800–2800м) субальп жана альп шалбаасы жана шалбаалуу талаа(2800 – 3300м), андан жогору субнивалдык суук чөл, гляциалдык- нивалдык ландшафт зоналары мүнөздүү. Жайыт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]