Каражой

Википедия дан

Каражой

1. Каражой — кытайдын кыйын мергени, Кожожаштынатасы. Саякбай Каралаевдин вариантында Манастын Нескара, Жолой менен болгон Алтайдагы экинчи урушунда:

Ал Каражой баатырың

Бет алганы кетпеген,

Огу сая өтпөгөн

Оңой эмес чоң мерген (Саякбай Каралаев, 1. 156).

К. Манастын жоого минип жүргөн алгачкы аты Торучаарды атып өлтүрөт. Чоң казатта Сыргактан найза жеп, жөө калган К-ду Жесе деген балбаны атка мингизип кеткенче Алмамбет жетип башын кесип кетет (Саякбай Каралаев, 2. 190).

2. Каражой (топоним) —топоним. Нескара менен Манастын урушун баяндаган окуяга катышкан калмактардын Даң-даң аттуу балбанынын мекени катары эскерилет (Сагымбай Орозбаков, 1. 201).

3. Каражой — "Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери, калмактын түндүкчүсү. Манас туулганда берилген тойдогу ат чабышка кошуп ийген кунаны сай тулпарды артка таштап, байгелүү орунга ээ болот (Сагымбай Орозбаков, 1. 100).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4