Каракол-Төр мөңгүсү

Википедия дан

Каракол-Төр мөңгүсүБорбордук Теңир-Тоодогу татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Тескей Ала-Тоонун эң бийик чокусу Караколдун Түштүк капталынан орун алган. Көөлү суусунун алабында. Узундугу 8 км, аянты 13,1 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 5000 м, этеги 3780 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4390 м. Абляциясынын аянты 3,5 км2. 1943–60-жылы 2,1 кмге тартылган, музу жукарып, тармактарынан ажыроодо. Мөңгүдөн Көөлү суусунун сол куймасы Каракол-Төр суусу агып чыгат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]