Каракол минералдуу суусу

Википедия дан

Каракол минералдуу суусу (Фергана тоо тизмеги) – Ош жана Нарын Облусунун чек арасындагы көмүр кычкыл газдуу минералдуу муздак суу булактары. Фергана тоо тизмегинин батыш жана чыгыш капталдарында. Булактардын жер астынан агып чыгып, газ бөлүп турушу жергиликтүү элге илгертеден белгилүү болсо да, геологиялык изилдөө 1951-жылы жүргүзүлгөн. Булактар тоонун эки капталында болгондуктан, алар Батыш Каракол жана Чыгыш Каракол деп аталат. Батыш Каракол Ош шаарынан 150 км чыгыш тарапта, Кара-Кулжа өрөөнүнүн батыш жагындагы Каракол суусунун оң өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 3100 м бийиктикте. Мында юра мезгилиндеги алевролит менен кумдук катмарлары антиклиналь бүктөлүүсүн түзүп жатат. Суу бүктөлүүнүн оң канатынан булак түрүндө жер бетине чыгат. Чыгыш Каракол Ат-Башы кыштагынан 115 км түштүк-батыш тарапта, Арпа суусунун сол куймасы Караколдун боюнда, деңиз деңгээлинен 3250 м бийиктикте. Мында силур мезгилиндеги мраморлошкон акиташ тектери синклиналь бүктөлүүсүн түзөт. Суу бүктөлүүнүн Борбордук бөлүгүндөгү тектоникалык жарака аркылуу, шагыл таштардын арасынан жер бетине булак түрүндө агып чыгат. Булактардын дебити 0,4–5 л/сек. Химиялык курамы жана физикалык касиеттери боюнча бул эки булак бири-биринен көп айырмаланбайт. Суусу муздак (5–9°), тузсуз, келип, курамы гидро-карбонат-кальций-магнийлүү. Жалпы минералдашы 0,91–1,16 мг/л. Суудан көмүр кычкыл газы бөлүнүп турат. Анын эриндисинин суудагы өлчөмү 560–916 мг/л (Батыш Каракол), 360–963 мг/л (Чыгыш Каракол). Минералданышы, химиялык жана газдык курамы боюнча Батыш Каракол Кавказдагы белгилүү «Боржомиге» (Екатаран булагы) жакын, Чыгыш Каракол нарзан сууларына кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]