Каракол минералдуу суусу (Какшаал кырка тоосу)

Википедия дан

Каракол минералдуу суусу дарыланууга жана ичүүгө жарамдуу муздак суу булагы. Нарын облусунун Ат-Башы районунда, Пограничник кыштагынан 65-70 км түштүк-батышта. Какшаал кырка тоосунун түндүк этегинде, Арпа жана Каракол сууларынын кошулган жеринде деңиз деңгээли 3200м бийиктикте. Суу жергиликтүү элге илгертен белгилүү. 1932-жылы геологиялык маалымат берилген. Кен аймагын палезой жана мезозойдо пайда болгон кумдук, чопо, сланец, акиташ тектери түзөт. Минералдуу булак юранын карбонаттуу, акиташ тектериндеги тектон жаракадан агып чыгат. Суу тунук, көмүр кычкыл, газдуу, мала туз даамданат. Темирдин суулуу кычкылы басымдуу болгондуктан булак агып чыккан жердеги тоо тектерде саргыч күрөң дат басып турат.Составы гидрокарбонат-сульфат, кальций, магнийлүү. Дебити 5л/сек. Бөйрөк, боор, ичеги-карын, ооруларын сууну ичүү жолу менен дарыланса болот.