Пограничник

Википедия дан

Пограничник, Кызыл-Жылдыз (1941-жылга чейин Жаңы-Алыш) - Нарын областынын Ат-Башы районундагы Кара-Коюн айыл советине караштуу кыштак. "Пограничник" колхозунун аймагында.

Райондук борбор Ат-Башы кыштагынан 40 км. батыш тарапта, Рыбачие темир жол станциясынан 267 км. 1930-жылы негизделген. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.