Караңгы шаар

Википедия дан

"Караңгы шаар" (англ. Dark City (1998 film), орус. Тёмный город) - 1998-жылы Алекс Пройас тарткан Америка менен Австралиянын нео-нуар илимий фантастикалык тасмасы. Тасманын сценарийин Пройас, Лем Доббс жана Дэвид С. Гойер жазышкан. Ал эми тасмада тартылгандар: Руфус Севелл, Кифер Сузерленд, Женнифер Коннелли жана Уиллиям Хөрт. Тасмада амнезия оорусуна чалдыккан Жон Мурдочтун (Севелл) бир адамды өлтүрүүгө шектелгендиги белгилүү болот. Баш каарман полициядан жана табышмактуу "Чоочундар" тобунан качып жүрүп, өзүнүн ким болгондугун жана чыныгы атын аныктоого аракет кылат.

Тасманын көпчүлүгү Австралиядагы "Fox Studios" студиясында тартылган. Тасмага "New Line Cinema" жана "Mystery Clock Cinema" компаниялары биргелешип продюсерлик кылышкан. "Караңгы шаар" "New Line Cinema" тарабынан кинотеатрларда көрсөтүлгөн. Тасманын АКШдагы бет ачары 1998-жылдын 27-февралында болуп өткөн. Ошондой эле, ал "Гюго" жана "Сатурн" сыйлыктарына көрсөтүлгөн. Кинотеарларда берүүдөн мурун, тасманын көрүүчүлөргө түшүнүксүз болүп калышын эске алган студия, Пройаска кинонун башталышында үн коштогон түшүндүрмө кошуусун сураган. Тасманын Пройас ойлогон түп нуска көркөмдүү чыгарылышы 2008-жылы жарык көргөн. Тасманын бир жылдан кийин чыккан "Матрица" тасмасына окшоштуктары болгондугу үчүн кээ бир киносынчылар тарабынан сынга алынган.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]