Кара-Булуң жарым аралы

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Кара-Булуң жарым аралыЫсык-Көлдүн түштүк-чыгышында. Жети-Өгүз районунун аймагында. Батышындагы Кара-Булуң тумшугунан чыгышындагы Чоң Оргочор тоосуна чейин 12 кмден ашык аралыкка созулат. Туурасы 1,5–9 км. Абсолюттук бийиктиги 1606–1750 м. Төмөнкү төртүнчүлүк мез гилде пайда болгон тектирлерден турган тайпак түздүк; бети чыбыр, күдүрлүү (кумдуу жалдар, дөбө, чуңкур жерлер жана башка). Эң бийик жери Кичи Оргочор тоосу (1751 м), андан түштүктү, түштүк-батышты көздөй эңкейиштеп кетет. Төртүнчүлүк мезгилде пайда болуу мезгили боюнча көлдүк-тектирлүү түздүк үч геоморфол. деңгээлге бөлүнөт. Эң бийик жери (биринчи деңгээл) – үстүнкү плейстоцендик тектир; жарым аралдын Борбордук жана чыгыш жагын ээлейт. Бети өтө будурлуу. Көбү айдоо. Экинчи деңгээл – голоцендик тектир, плейстоцендик тектирден 5–10 м төмөн жатат; экөөнүн чеги – жарлуу кашат. Көбүнчө байыркы жээктик жал, сайроон, кум шилендилеринен турат. Ортолору тегиз, такыр; негизги өсүмдүктөрү чекенди, шыбак жана башка Тектирдин көлгө жакын жерлерин чычырканак, камыш баскан. Үчүнчү өтө жапыз деңгээл – азыркы тектир, жарым аралдын жээгинен орун алган; жалаң кумдан турат, бети будур: 1ф2 м бийиктеги жалча, сайроондор ар кандай ичке, майда булуңбуйткалар (лагуналар), сайроондор (бийиктиги 8–10 м) менен тосулган эски (реликт) көлдөр да бар. Тектирлер ачык коңур, Түндүкбатыш жээктери шалбаа жана шалбаалуу саз, айрым жерлери шор топурактуу. Талаа жана сейрек бадал өсүмдүктөрү басымдуу. Жарым аралдын жээктери аккумуляциялык кумдан турат, Кара-Булуң тумшугу лагуналуу, мында кумдук такталар да бар. Кумдуу пляждар кеңири аянтты ээлейт. Жээктеринде чычырканак, булуң-буйткаларда камыш өсөт. Көп жерине кара жыгач, жийде, өрүк отургузулган. Экологиялык абалы начарлоодо.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]