Кара-Булуң (Жети-Өгүз району)
Кара-Булуң, Жети-Өгүз району – Ысык-Көлдүн түштүк-чыгышындагы эң ири булуң. Жети-Өгүз районунун аймагында. Аянты 16,55 км2, узундугу 6,0 кмден ашык, жазылыгы оозунда 5 км, эң терең жери 70 м. «Ысык-Көл» санаторийинин жанындагы эң тайыз жери суунун тартылуусунан төртүнчүлүк мезгилдин төмөнкү бөлүгүндө пайда болгон. Булуңдун кум, тунма чөгүндүлөр төшөлгөн таманы батышты көздөй эңкейиш. Кара-Булуңга Жууку суусу куюп, анын суу алдындагы уландысы (нугу) булуңдун орто ченинде Чоң жана Кичи Кызыл-Суунун нуктары менен кошулуп, 120 м тереңдиктен бутөт. Жээктери аккумуляциялык тектир, көлгө кирип турган жерлеринде (тумшук, урчуктар) майда булуң, колтуктар көп; түштүк-чыгыш бөлүгүндө абразиялык жемирилген жээктер да кездешет. Түштүк-чыгыш капшытында чакан кеме токтоо үчүн өтө ыңгайлуу Кызыл-Суу колтугу жайгашкан. Жууку суусу жылына булуңга 27 миң т дан 95 млн тга чейин шиленди агызып келет. Агын суулар көп куйгандыктан, суусу мала туздуу. Бирок, мындай тузу кем суу көлдүн үстүңкү 10 мге чейинки катмарына гана мүнөздүү. Суу жай айларында 20-22°Сге чейин жылыйт; кышкысын тоңбойт. Жылуу суу, кумдуу жээк, чаңкайып тийген ысык күн булуңдун кылаасында эс алууга өтө ыңгайлуу шарт түзөт. «Ысык-Көл» санаторийи, пристань жана башка бар. Көл суусунун такай тартылышы, жээктердин өзгөрүшү булуңду пайдаланууда кыйынчылык туудурууда. Экологиялык абалы начарлоодо.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9