Кара-Буура өрөөнү
Көрүнүш
Кара-Буура өрөөнү – Талас Ала-Тоосунун Түндүк капталында, Кара-Буура районунун аймагында, Кара-Сай ойдуңу жайгашкан бийик тоо өрөөнү. Узундугу 60 км, эң жазы жери 2–3 км, кууш жери 0,5–1 км. Таманынын ооз тарабы 1400 м, төрү 3000 м бийикте жайгашкан. Таманы Шилбили суусунун чатына чейин төртүнчүлүк мезгилдин борпоң тектерине толгон. Гранит, гранит-диорит интрузия тектеринен турган бийик бөлүгү терең тилмеленген. Кургак талаа жана талаа, сейрек арча-бадалдуу шалбаалуу талаа ландшафты басымдуу. Капчыгай аркылуу Талас жана Чаткал өрөөндөрүн байланыштырган автомобиль жолу өтөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9