Кара-Керме мөңгүсү

Википедия дан

Кара-Керме мөңгүсүКакшаал кырка тоосунун Түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги ири мөңгү. Узундугу 11,6 км, аянты 27,3 км2. Мүдүрүм суусунун алабында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 5840 м, этеги 3840 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4360 м. Абляциясынын аянты 6,4 км2. Куралуу аймагы кенен, үч зор мөңгүнүн кошулушунан түзүлгөн. Алардын «тилдери» ортоңку мореналар менен бөлүнүп, өрөөн боюнча 6 кмге созулат. Этегинен 35–40 м төмөн жаңы «этек морена» жатат. Мөңгүдөн Мүдүрүмдүн сол куймасы – Кара-Керме суусу башталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]