Кара-Кужур суусу, Кочкор району
Көрүнүш
Кара-Кужур суусу
| |
---|---|
Мүнөздөмө | |
Узундугу | 84 км |
бассейндин аянты | 1 240 км² |
Жайгашкан орду | |
Өлкө | Кыргызстан |
Област | Нарын облусу |
Район | Кочкор району |
Кара-Кужур суусу, Кочкор району – Кочкор районундагы суу, Сары-Булак кыштагынан төмөнкү бөлүгү Жоон-Арык деп аталат. Узундугу 84 км, алабынын аянты 1240 км2.
Тескей Ала-Тоонун Түштүк капталынан башталып, батышка карай тектирлүү тектоникалык өрөөн аркылуу агат; Төлөк суусу менен кошулуп, Жоон-Арык суусун түзөт да, түндүккө карай бурулат. Негизги куймалары: Сөөк-Төр, Кашка-Суу, Коңур-Өлөң, Ак-Таш жана башка. Алабында жалпы аянты 0,15 км2 болгон 2 көл бар. Жылдык орточо чыгымы 8,46 м3/сек, эң көбү 29 м3/сек (14. 4. 1934), эң азы 1,80 м3/сек. Апрель айында кирип, сентябрда тартылат. Жээгинде Сары-Булак, Ак-Кыя жана башка кыштагы жайгашкан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9
- Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2