Кара-Көл, Памир
Көрүнүш
Кара-Көл, Памир – Памирдеги ири көл, Тажикстанда. Аянты 380 км2, узундугу 33 км. Бийик кырка тоолор менен курчалган, деңиз деңгээлинен 4000 м бийиктикте жайгашкан ойдуңдан орун алган. Эки кууш кысык менен туташкан 2 бөлүктөн турат. Тереңдиги батыш бөлүгүндө 238 мге, чыгышында 35 мге чейин. Суусу мала туздуу, тунуктугу 9 мге чейин. Ноябрдын аягынан апрелге чейин муз каптайт. Суусунун жайкы температурасы 12°Сге чейин. Кара-Көл суу агып чыкпаган туюк көл. Ага куйган суулардын эң ирилери – Кара-Жылга, Муз-Кол.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9