Кара-Саз, өзөн

Википедия дан
Кара-Саз өзөнү.

Кара-Саз өзөнү, суусу – Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Кичи Нарын суусунун оң куймасы.

Жалпы мүнөздөмө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Узундугу 45 км, алабынын аянты 425 км2.
Капка-Таш тоосунун түндүк капталынан башталып, Кара-Каман жана Капка-Таш тоолорунун аралыгындагы түзөң, саздуу өрөөн аркылуу агат.
Башталышында Бел-Тепши, ортоңку агымында Чардак-Суу жанаТаш-Кечүү аталат.

Ири куймалары: Корумд-Суу, Кара-Булак, Ичке-Булак, Бел-Булак.
Жылдык орточо чыгымы 2,5–3,7 м3/сек. Эң көбү июль– августта, азы январь-февралда байкалат. Апрель – сентябрда кирип, октябрь – мартта тартылат.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]