Кара-Сай өрөөнү
Кара-Сай өрөөнү — Нарын дарыясынын жогорку алабында. Түндүгүнөн Кызыл-Эшменин байыркы морена кырлары, чыгышынан Ак-Шыйрак, түштүгүнөн Борколдой кырка тоолору менен чектешет. Жети-Өгүз районунун аймагында жайгашкан. Аянты 854 км2, чыгыштан батышка 61 кмге созулат. Туурасы 1–9 км. Бийиктиги 3200–4000 м. Таманы төртүнчүлүк мезгилинин борпоң чөкмө тектери менен капталган. Жогорку бөлүгү мореналуу тепши сымал; ортосу тар эрозиялык, төмөнкү бөлүгү жайылган кашаттуу. Орто бөлүгүнүн сол жээги (узундугу 15–20 км, туурасы 1–1,5 км) борпоң майда кум катмары менен капталып, аянты барган сайын кеңейүүдө. Климаты континенттик. Январдын орточо температурасы –21°С, июлдуку 4–9°С. Жылдык жаан-чачыны 186 мм. Шамал көбүнчө батыштан согот. Өрөөндүн башында Түндүк Кара-Сай (аянты 46,5 км2, узундугу 12 км, туурасы 1–1,5 км) жана Түштүк Кара-Сай (аянты 17,2 км2, узундугу 4 км), туурасы 1 км өрөөн мөңгүлөрү, сол өндүрүндө аянты 3,8 км2 келген асылма мөңгүлөр жатат. Өрөөн аркылуу Кара-Сай суусу агат. Жогорку жана ортоңку бөлүгүндө булактар, саз жана майда көлдөр кездешет. Шалбаалуу субальп (шимүүр, тогуз төбөл, суйсаң, чыйпылдак, чекилдек, каз таман, ак сокто, бетеге жер жаздык, тоо сойгок, кымыздык, доңуз сырты жана башка) бийик тоолуу ландшафттары мүнөздүү. Өрөөндө Ысык-Көл Облусунун Жети-Өгүз районунун малы багылат. Автомобиль жолу аркылуу Ысык-Көл ойдуңу менен байланышат. Барскон – Ак-Шыйрак электр зымы өтөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9