Кара кулак шер

Википедия дан
Кабылан.


Кабылан, гепард (лат. Acinonyx jubatus) — мышык сымалдар тукумундагы сүт эмүүчү жаныбар.

Дене узундугу 123—150 см, куйругу 63—75 см, шыйрагы узун, ичке. Кулагы тегерек, кичине, түсү саргыч боз, майда кара тактары бар. Баласынын жон жагында узун жүнү болот.

Африкада, Кичи жа Борбордук Азияда, Индияда, Түркияда жашайт. Күндүз жигердүү.

84—95 күн көтөрүп, 2—4 бала тууйт.

Туяктуу жаныбарды аңдып жүрүп, аны кууп жетип, жейт.

Саны азайып кеткендиктен, ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.

Көркөм адабиятта кээде "кара кулак шер" деп коюшат, бирок кабылан сөзү илимге төп.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5