Кардыгач

Википедия дан

Кардыгач — кейипкер, Манастын карындашы. Эпостун белгилүү вариант тарынын көбүндө айтылат. -К. — түрк-моңгол элдеринин эпосторунда кездешүүчү салттык кейипкер. Баатыр башкы каармандын К. аттуу карындашынын болушу да туруктуу салттык мотив. Мисалы, Табылдынын ("Эр Табылды"), Алпамыштын ("Алпамыш") карындаштарынын ысымдары да ушундай аталат.

Саякбай Каралаевдин варианты нда К. "найза сунуп топ бузган" баатыр катары сүрөттөлөт ("Эпсиз энең Чыйырды Уулдан бирди шер тууган, Кыздан бирди шер тууган" —Саякбай Каралаев,"Семетей", 1. 262).Бакай Семетейге айткан К. жөнүндөгү баянда кытайлар менен болгон согушта Коңурбай баштаган кытай баатырлары К-ка алдары жетпей койгону айтылат:

Каарына бу кыздын

Калайык чыдап турбаган.

Кан Коңурбай баш болуп,

Чымачындын, Бээжиндин

Чын кандары ыйлаган (Саякбай Каралаев,"Семетей, 1. 262).

Ошол согушта минген атын Каражой атып салгандан кийин гана жөө калган К. кытайларга колго түшүп калат. Манас келип, карындашын кытайлардан тартып алып, жердин түбү Желпиништи жердеген Жарманаска күйөөгө берет. Таласка адеп келишиндеСеметей К-ка жолугат. Манастын өлгөнүн, Абыке, Көбөштүр Каныкейге көрсөткөн кордугун Ба кайдан угуп, барып баарын өлтүрөм дегенинеСеметей көнбөйт.Семетей Букарга кайра кет кенче "алты арам" мерт кылып коёбу деп сыртынан багып жүрөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4