Кариб кризиси (1962)

Википедия дан

Кариб кризиси (1962) – эл аралык кризис, СССР менен АКШ ортосундагы мамиленин өтө курчушунан улам ядролук согуш коркунучунун келип чыгышы. Куба революциясынын жеңиши (1959) өкмөттүн АКШга көз каранды болбогон саясаты, ошондой эле Куба СССР менен тыгыз мамиле түзүшү АКШ менен Кубанын ортосундагы мамилени курчуткан. АКШ 1959-жылдын башынан эле Кубага саясий жана экономикалык кысым жасап, диверсанттарды жиберип, Кубанын шаарларын бомбалап, Түркия менен Италияга ракеталарын жайгаштырган. 1961-жылы апрелде америкалык аскерлер Плая-Хиронго кол салып, Кубанын куралдуу күчтөрүнөн талкаланган. Бирок АКШнын башкаруучулары Кубага кастыгын токтотпогон соң, Куба өкмөтү СССРден жардам сураган. 1962-жылы 24-майда КПСС БКнын Президиумунун чечими менен СССР Куба революциясын коргоо үчүн АКШга жооп катары Куба аймагына ракеталарын жайгаштыра баштаган. Эки мамлекеттин тирешүүсү согуш коркунучун туудуруп, Кариб кризисине алып келген. Кариб кризисин саясий жана дипломатиялык жолдор менен жөнгө салууну БУУнун Коопсуздук комитетинин мүчөлөрү сунуштаган. 1962-жылы октябрь–ноябрь айларында Куба өкүлдөрү жана БУУнун Генералдык секретары катышкан АКШ жана СССРдин ортосунда сүйлөшүүлөрдө кризисти жөнгө салуу маселеси каралып, АКШ өкмөтү Кубага каршы экономикалык кысымдарды токтотуп, кол салбоого убада берген. Натыйжада, СССР Кубадан, АКШ Түркиядан өз ракеталарын жана аскер техникаларын чыгарган. 1963-жылы 7-январда эки тараптык сүйлөшүүлөрдөн кийин СССРдин тышкы иштер министринин 1-орун басары – В. В. Кузнецов жана АКШнын өкүлү Э. Стивенсон Кариб кризиси толугу менен жөнгө салынгандыгы жөнүндө БУУнун секретары У. Танга билдиришкен.

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]