Карим Абдул-Жаббар

Википедия дан

Абдул-Жаббар (Abdul-Jabbar, Карим өзүнүн фамилиясы жана аты Алсиндор (Alcindor) Фердинанд Льюис), (16.4.1947-ж. туулган, Нью-Йорк) баскетбол тарыхындагы ортодо ойногон эң алдыңкы америкалык спортчу. 1969-жылдан Улуттук баскетбол ассоциациясынын (УБА) «Милуоки Бакс» клубунда ойной баштаган. Исламды кабыл алып (1971) атын өзгөрткөн. 1975-88-ж. 6 жолку УБАнын чемпиону (1971, 1972, 1973-76, 1980) «Лос-Анджелес Лейкерсте» ойноп, 2 жолу эң мыкты оюнчу катары бааланган. УБАнын тарыхындагы эң натыйжалуу оюнчу (38387 упай). Автобиографиялык «Гигант кадамдар» («Giant steps», 1983) жана «Карим» («Kareem», 1990) китептеринин автору. «Өлүм оюну», «Зор өрдөктөр-2», «Питтсбургду сактап калган балык» жана башка фильмдерге тартылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1