Карынбай

Википедия дан

Карынбай, Карымбай — "Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери, малга кароо, сараң адам. "Кишичилик чаркы жок" К. кезинде "ат баштаган алтыны" (алты мал) алып, Манас менен Каныкейге өкүл ата болгонун Манас өлгөндөн кийин унутуп коёт (к. Өкүл ата). Манастан калган мал-мүлктү "алты арам" талап кеткенде Каныкейден кер торпогун аяп, а түгүл камчы көтөрүп ыза кылат, өзүнүн адамгерчилиги жоктугун көрсөтөт (Саякбай Каралаев,"Семетей", 1. 28—29). Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгына жана "Манас" эпосуна К-дын образы курандагы Карун жөнүндөгү уламышка байланыштуу кирген. Уламышта К-дын аябагандай сараңдыгына ачууланган Алла тааланын буйругу менен К-дын мал-мүлкү, үй-жайы ташка айланып, өзүн жер соруп кеткен делет. Азыр "Карынбайды жуткан жер" деген топоним да Ош жергесинде бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4