Карыпкулов, Аманбек

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Карыпкулов Аманбек.

Карыпкулов Аманбек (1939-ж. т., Талас району, Кара-Суу айылы - 2008, Бишкек) — философ, партиялык жана мамлекеттик ишмер, философия илиминин доктору (1982), профессор (1994), Кыргыз Республикасынын УИАнын корреспондент мүчөсү (1979).

1957-ж. № 6 Талас айылдык кесипчилик-техникалык окуу жайын бүтүп, Жданов атындагы колхоздо механизатор болуп иштеген.
1962-ж. Каракол педагогикалык институтунун орус тили жана адабияты факультетин бүткөн.
1962—64-ж. Каракол педагогикалык институтунда окутуучу.
1964—67-ж. КМУнун аспиранты.
1967—68-ж. КМУнун философия кафедрасында окутуучу.
1968— 73-ж. Кыргызстан КП БКнын илим жана окуу жайлар бөлүмүнүн инструктору, бөлүм башчынын орун басары, 1973—83-ж. ошол бөлүмдун башчысы.
1983—85-ж. Кыргызстан КП БКнын катчысы, 1985— 86-ж. Бишкек политехника институтунун илимий коммунизм кафедрасынын профессору, 1986—92-ж. Кыргыз педагогика илимий-изилдөө институтунун жетектөөчүсү жана башкы илимий кызматкери, 1992-жылдан Кыргыз энциклопедиясынын башкы редактору, ошол эле учурда 1994-ж. майдан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик «Акыл» концернинин төрагасы, Улуттук илимдер академиясыныл президиумунун мүчөсү. Ошол эле учурда 1995-ж. 29-майдан Карыпкуловду Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Манас» эпосунун 1000 жылдыгын уюштуруу жана өткөрүү боюнча башкы координаторлукка дайындаган.

Карыпкулов 80дей илимий эмгектин (анын ичинде 20дан ашууну монография жана китеп) автору. Анын эмгектери маданият, билим берүү тармактарынын социалдык проблемаларына, совет элинин тарыхый жаңы социалдык биримдик катары калыптануусунда илимдин жана элге билим берүүнун ролун ачууга жана бул иште республикадагы партиялык уюмдардын жетекчилик иш тажрыйбасын жыйынтыктоого, калктын билим децгээлин көтөрүүнүн зарылдыгын негиздөөгө арналган. «Очерки истории Коммунистической партии Киргизии» (1979), «Советский Киргизстан на этапе развитого социализма» (1981), «Могучий фактор национального языкового развития» (1981) жана башка жыйнактардын авторлорунун бири жана редактору.

Анын илимий эмгектери АКШ, Германия жана башка чет өлкөлөрдө жарык көргөн. Карыпкулов Республиканын экономикасына рынок мамилеси киргенден кийин кедери кеткен китеп чыгаруу өндүрушүн кайра жандандырууга чоң салым кошту.

Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин депутаты (1975—87), 1985-ж. Кыргыз ССР Жогорку Кеңешини төрагасы. Эки эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Орус жана кыргыз тилдериндеги эмгектери[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Интернациональное воспитание в средней школе в условиях обновления общества. — Бишкек, 1991;
  • Өнүккөн социалисттик коомдо элге билим берүү— Фр : 1985;
  • Изучение русского языка и народное образование в Советской Киргизии (на английском языке). — США, 1985;
  • Развитие системы народного образования — важнейший фактор укрепления интернационального единства советского народа (на немецком языке). — ГДР, 1984.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]