Кат

Википедия дан
Конвертеги почта аркылуу жөнөтүүчү заманбап кат


Кат – сөздү жазма (графикалык) элементтердин жардамы аркасында убакыт боюнча бекемдөөнү жана аны мейкиндик боюнча алыскы аралыкка берүүнү мүмкүн кылган белгилер системасы.

Катттын төмөнкүдөй төрт негизги тиби бар:
а) идеографиялык;
б) айрым тыбыштар менен эмес, бүтүн муундар менен жазылган кат;
в) силлабикалык (муундук) жана тыбыш тамгалык (алфавиттик) кат;
г) стенография.

Кат б. з. ч. 4-миң жылдыктын аягы – 3-миң жылдыктын башынан тартып белгилүү (Египет, Месопотамия).Каттан мурда оозеки билдирүүлөрдү эске тутуп калуунун вампумдар, кипу, пиктография өңдүү каражаттары болгон.

Кат адабий жанр болуп эсептелет (кара. Эпистолярдык адабият).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8