Катаал мамилелер

Википедия дан

"Катаал мамилелер" (англ. Infernal Affairs, орус. Двойная рокировка) - 2002-жылы Эдрү Лау жана Алан Мак тарткан гонкгонгдук криминалдуу триллер. Тасма кылмышкерлердин үчилтигин табып жана аларга сырдуу түрдө кызмат кылган полиция кызматкеринин окуясын баяндайт. Кытайча аталышы "Бүтпөгөн жол" же болбосо адам үзгүлтүксүз азап чеккен буддизмдеги тозок деген маанини билдирет.

Тасмада киножылдыздар Энди Лау, Тони Лүң, Энтони Воң, Эрик Цаң, Келли Чен жана Самми Чең тартылышкан. Ошондой эле, "Катаал мамилелер" тасмасынын өзгөчө мазмуну, окуянын кыска жана ырааттуу баяндалышы чоң алкыштарга ээ болгон.

Тасма 76-"Оскар" сыйлыктарын тапшыруу аземинде Гонк-Конгдун атынан "Чет тилдеги эң мыкты тасма" категориясында тандалган бирок наамга көрсөтүлгөн эмес. Кошмо Штаттарда таратуу иштерине "Miramax Films" студиясы аткарып, 2004-жылы АКШда чектелген гана санда кинотеарларга жайылткан.

"Катаал мамилелер" тасмасын Мартин Сорсес "Бөлүнгөн" деген аталышта 2006-жылы кайра тарткан жана ал "Оскар" сыйлыгынын "Эң мыкты тасма" наамын жеңип жана башка бир нече наамдарга да ээ болгон.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]